Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров: Санариптик келечек келди, чочулоонун кереги жок  

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 782 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Централ Эйжа Интернэшнл» санариптик активдер биржасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Апараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, азыркы тапта санариптештирүү жана фискалдаштыруу республика боюнча кеңири жайылууда. Биржалык соода маданияты ишкананын листингге киришин талап кылат. Бул үчүн салык төлөнүшү, бизнес ачык жүргүзүлүшү, ошол эле учурда, чыгарылган өндүрүм да сапаттуу болушу керек.

Долбоордун катышуучуларынын планы боюнча «Централ Эйжа Интернэшнл» санариптик активдер биржасынын ишмердүүлүгү бардык операциялардын чынжырчасын ишке ашырууга мүмкүн болгон аянттардын бири болору болжонууда.

Кошумчалай кетсек, «Централ Эйжа Интернэшнл» санариптик активдеринин биржасы — акцияларды, облигацияларды, башка финансы каражаттарын, ошондой эле санариптик активдерди сатуу боюнча ар тармактуу аянтча.

Copyright © 2017 Maral FM