Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлү: Азыр бардык маселеге өкмөт жооп бериши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2019 | 605 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде импорттолгон буудайга кошумча нарк салыгын кайра киргизүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, сырттан келген буудайга кошумча нарк салыгын алып салуу сыяктуу мыйзамдардын негизинде салыктын түрүн кыскартуудан бюджетке 20 млрд. сомдой каражат түшпөй жатат.

«Бул маселени чечүү, салык жеңилдигин берүүнү токтотуу боюнча түрдүү сын пикирлер бар. Мен импорттолгон буудайдан кошумча нарк салыгын алып салууга каршы чыккам. Аткезчилик маселесин ЖКнын жалпы жыйынында кароо зарыл. Анткени, комитеттерде ал маселе көтөрүлбөй жатат. Бүгүн же эртең өкмөттү чакырып, аткезчилик маселесин чечүүгө аракет кылабыз», — дейт Бокоев.

Ал жыйында аткезчиликти колдоп жаткандардын аты-жөнү да айтылышы мүмкүн экенин билдирди.

Эл өкүлү мындан сырткары, Кыргызстан ЕАЭБге киргенде аткезчилик маселеси чатакка айланып кеткенин, биримдиктин алкагында товарлар өлкөгө эркин кирип жатканы менен экспортко чыкпай жатканын айтат. Мындан улам, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында бардык фронтто утулганын белгиледи.

«Биздикилер айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу маселесин чече албай жатат. Азыр бардык маселеге өкмөт жооп бериши керек. Алар жыргап кетебиз деп убада кылганы үчүн ЕАЭБге киргенбиз. Учурда аткезчилик маселесин Коопсуздук Кеңештин жыйынына алып чыгуу боюнча аракеттер жок», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM