Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Мен сунуштаган мыйзам долбоор 10 айдан бери I окууга кирбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 576 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдун өкмөттүн отчёту канааттандыраарлык эмес деп табылса, премьер-министрди, башкы прокурорду жана эсеп палатасынын жетекчисин автоматтык түрдө кызматтан четтетүү боюнча сунуштаган мыйзам долбоору 10 айдан бери I окууга кирбей жатат. Бул тууралуу эл өкүлү«Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Анткени мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин, комитеттердин төрагалары да жыл сайын отчёт берсин деп киргизгем. Тийиштүү органдардын отчёту канааттандыраарлык эмес деген баа алса, аларды кетирүү боюнча добушка коюлсун деп жазгам», — дейт Бокоев.

Ал белгилегендей, 2018-жылы бюджет 6,2 млрд. сомго толбой, мыйзам аткарылбай калган.

«Өкмөт башчы ал үчүн министрлерди жоопкерчиликке тартуу бери жакта турсун, бирөөнү да кызматтан алган жок. Ал эми жөнөкөй жаран «стоп линияны» тебелеп алса, 3000 сом айып салынат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM