Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Шайлоого байланыштуу айыл элин шаарга массалык каттоо жүрүүдө

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 425 | 0

Апрелде боло турган жергиликтүү шайлоолорго карата айыл тургундарын шаарга каттоо көрүнүшү жүрүп жатат. Бул маселени депутат Кенжебек Бокоев Парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Депутат бул шайлоо өтө турган шаарларда гана жүрүп жатканын белгилеп, добуштарды сатып алуу аракеттери жүрүп жатат деп сыпаттады. Кенжебек Бокоев төрага Дастанбек Жумабековго, Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, буга кылдат көңүл буруп, ага тыюу салуу зарылдыгын белгиледи.

БШКны, укук коргоо органдарын Парламентке чакырып, алардын маалыматтарын угуу керек. Элди айылдан шайлоо боло турган шаарларга массалык түрдө алып келип каттоо иши жүрүп жатат. Бул маселени аныктап, тыюу салуу керек. Жарандардын жашаган жерин каттоо менен алектенип, алардан маалымат сураш керек, — деди.

Copyright © 2017 Maral FM