Биз менен байланышыңыз

Ар бир жандык тууралуу маалымат электрондук системага киргизилет

Без рубрики , Коом | 30 Окт 2019 | 563 | 0

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Андагы көрсөткүчтөр боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана коңшу өлкөлөргө эт, сүт жана башка азык-түлүктү  экспорттоо жакшырган. Ал эми малдан жуга турган оорулардын саны кыскарып, ветеринарлар керектүү каражаттар менен толук жабдылган. Ошондой эле, өлкөдөгү 19 ветеринардык лаборатория жаңы технология менен камсыз болгон.

Бул тууралуу  Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 78 ишкана ЕАЭБдин тизмесине кирген. Быйыл  сүт азыгын экспорттоо былтыркы жылга салыштырмалуу 5 миң 200 тоннага көбөйдү. Ал эми жыл башынан бери Иранга 1 миң тонна кой эти сатылды. Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарына, Сауд Арабиясына, Өзбекстанга, Кытайга эт экспорттоо боюнча пландар бар.

-9 айдын жыйынтыгын стабилдүү деп айта алабыз. Белгилей кетсек, ветеринарларга гранттык негизде мотоцклдер берилген жана башка муктаждыктары толукталган.  Учурда Кытай жана Орусия менен эт сатуу боюнча келишим түзүп жатабыз, буюрса, жакын арада этти аталган өлкөлөргө экспорттоп баштайбыз.

Айыл чарба департаменти малдын санын тактап, алардын салмагына жараша сатылуусун көзөмөлгө алуу керектигин жеке ишкер Адилет Тентиев айтты. Ал акыркы жылдары өлкө этти аз өлчөмдө экспорттоп калганын кошумчалады.

-Айыл-чарба департаменти иштөө стратегиясын туура эмес жүргүзүп жатат. Өлкөдө мал салмагына жараша бааланышы керек. Карапайым эл малын базарга сатат, ал эми алып-сатуучулар этке болгон бааны жогору коюп сатышат. Ал эми эттин баасы көтөрүлсө, эл ызы-чуу салат. Башка өлкөлөр сураган көлөмдө эт бере албай жатабыз.

Тирүү мал-жандыкты эскпорттоо маселеси чечилбей келгенин Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев айтты. Ошондой эле, ал Кыргызстан Евразия биримдигине киргенден бери экспорттоо жагы жакшырган жок деп эсептейт.

-ЕАЭБге кирип, тескерисинче экспорттоо тармагынан уттуруп жатабыз. Өзгөчө фермер, дыйкандардын эмгеги акталбай келет. Эт эле эмес, башка азык-түлүктү да  экспорттой албай атабыз.

Ушул жылдын аягына чейин мал жандыктары идентификациядан өткөрүлүп, ар бир жандык тууралуу маалымат электрондук системага киргизилет. Бул багытта  Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы 5 «бирдиктүү терезени» ишке ашырып жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM