Биз менен байланышыңыз

«Иттерди дарылабагандыктан жылына 1500 киши эхинококкоз менен ооруйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2019 | 810 | 1

Жарандар иттерин дарылатуудан баш тартканы үчүн жылына 1500 киши эхинококкоз менен жабыркайт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эхинококкозду жоюу үчүн иттерди 1 жылда 4 жолу дарылоо зарыл. Бирок жарандар андан баш тартууда.

«Ит оорубайт. Иттин ичинде 50гө жакын курт болот. Алар күн сайын миңден ашуун жумуртка тууйт. Жумуртка көзгө көрүнбөйт, чөпкө, жер жемиштерге жабышат. Эхиноккозго каршы дары итке акысыз берилет. Бирок адамдар мал доктурга 35 сом төлөөдөн баш тартышат. Коомчулук кемчиликтерди чогуу карасак», — дейт Жумаканов.

Copyright © 2017 Maral FM