Биз менен байланышыңыз

«Малдардын арасында адам өмүрүнө коркунуч туудурган оорулар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2019 | 531 | 0

Өлкөдө малдар арасында адам өмүрүнө коркунуч туудурган оорулар бар. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, малдар арасындагы 50гө жакын оорунун жетөө мамлекет тарабынан приоритеттүү деп таанылган жана ага каршы эмдөөлөр республикалык бюджеттен каржыланат.

Малды вакцинациядан өткөрүү маселеси график менен жүрүп жатат. Эпизоотиялык абал туруктуу.

«Өкмөт акыркы 3 жылдан бери каражаттарды толугу менен бөлүп берүүдө. Мурда арзан вакциналар сатылып алынып, жыл сайын оорулар чыга берчү. Азыр эл аралык эпизоотиялык бюронун шайкештик сертификаты бар дарыларды гана ала алабыз», — дейт Жумаканов.

Ал белгилегендей, учурда 1 млн 870 миң баш мал маалыматтык базага киргизилип, бирка тагылды. Жылына 600 миңден ашуун музоо туулат.

Copyright © 2017 Maral FM