Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Кытайдан жумуртка да, мал эти да кирбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2019 | 1254 | 1

Кытайдан жумуртка да, мал эти да кирбейт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жылына 58 миң тонна тоок этин импорттоого муктаж. Анын 30 миң тоннага жакыны Орусиядан келет. Калган бөлүгү Казакстан, Украина, АКШ жана Кытайдан импорттолот.

Келген эттер ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, лабораторияларда текшерилет. Рынокто буйвол эти жок жана алып келүүгө уруксат берилген эмес.

«Жумурткадан коркпоңуздар. Алар Казакстан менен Орусиядан келет. Кытай тарап эшектерди тирүүлөй алып кетет», — дейт Жумаканов.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    01.11.2019 19:19

    Айыл чарба министри тоок ферма ачып бере албаса, Кыргызстанда эт, жумуртка, момо жемиш импорттолбош керек. Элдер жумушсуз айылда, аймактарды онуктруу жылына мамлекет жардам берип уй, Кой,эчки, жылкы, тоок фермаларды уюшткруп элди жумуш менен, таза эт.жумуртка менен камсыз кылып ашканын сатпай ы. Механизмин ойлоп таап, бизнес проектерди тузбойбу.?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM