Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Малга антибиотик сайылганы эттин даамынан билинбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2019 | 634 | 0

Эттин даамынан малга антибиотик сайылганы билинбейт. Аны лабораториядан текшерүү зарыл. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мал ооруп калса ээси өз алдынча антибиотик сайып, уйдун сүтүн, этин сатчу болсо адамдардын ден соолугуна зыян. Ошол эле азыктар экспортко кетсе, кайра артка кайтарылып, өлкөнүн имиджине терс таасир этет. Андыктан жакында дарыларды рецепт менен сатууга барышыбыз кажет», — деди Жумаканов.

Анын айтымында, сырттан кирип жаткан дарылардын сапаты көзөмөлдөнөт. Бирок аткезчилик жолу менен ташылып келген дарылар да бар. Алар көпчүлүк учурда туура сакталбайт. Андыктан фермерлер дары сатып алууда сертификат талап кылышы зарыл.

234 дарыкана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ички реестрге киргизилип, көзөмөлдө турат.

Мындан сырткары бара-бара базарга эс сатууда үйдөн мал союу токтотулат. Учурда өлкөдө ЕАЭБдин талабына жооп берген 7 мал союучу жай бар.

Copyright © 2017 Maral FM