Биз менен байланышыңыз

Өкмөт эттин кымбаттаганын көзөмөлгө ала элек

Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 1062 | 0

Өкмөт кымбаттаган эттин баасын көзөмөлгө ала элек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов «Маралга» берген маегинде билдирди.

-Эттин кымбаттаган себеби, өлкөдө малдын жана эттин экспорту өскөнү менен байланыштуу. Мал негизинен Тажикстанга жана Өзбекстанга жөнөтүлүп жатат. Бирок эттин баасынын өсүшү 20 пайыздан өтсө, биз өкмөткө кабар беребиз. Ошондо өкмөттүн буйругу чыгып, бааны көзөмөлдөө бизге жүктөлөт. Бул абалда 1 жуманын ичинде бааны калыбына келтирип коё алабыз. Бирок өкмөт тарабынан токтом кабыл алына элек, ошого байланыштуу биз дагы көзөмөлдү баштай элекпиз. 26-августта жалпы республика боюнча эттин баасы 360 сомду түзгөн болсо, 23-сентябрга карата бул баа 382 сомго жетти. Эттин эң көп кымбаттоосу Жалал-Абадда болуп, 40 сомго кымбаттады — деди Маматоморов.

Эттин баасын көзөмөлгө алуу үчүн жергиликтүү бийлик, шаар мэриясы жана өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү Экономика министрлигине билдирүү жөнөтөт. Министрлик өкмөткө билдирген соң, атайын токтом кабыл алынат. Ал документтин негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бааны көзөмөлгө алат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда буга чейин эттин кымбаттаганы жөнүндө маалымат тарап, нааразы болгондор болгон. Учурда базарда эттин баасы  350дөн 450 сомго чейин көтөрүлдү. Ошол баа азыр дагы деле сакталып турат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM