Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кант, өсүмдүк майын жана эт ташуучулар кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 547 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы жана өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча кезексиз жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган чечимдерди жарыялады.

«ЕАЭБтен тышкары өлкөлөргө айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салынат. Кеп буудай, буудай уну, кумшекер, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу чөптү, жүгөрүнү, арпаны экспорттоого толук тыюу салынат», — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал 8-июлдан баштап, мал-жандыктарын экспорттоого салынган тыюу алына турганын билдирди. Мындан сырткары 3 миң тонна кант жана өсүмдүк майы сатылып алынганын кошумчалады.

Ошол эле учурда, өлкөгө ташылып келинген кант, өсүмдүк майы жана эт үчүн кошумча нарк салыгы алынбасы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM