Биз менен байланышыңыз

Статком: Эттин баасы эң кымбат Ошто, эң арзан Таласта сатылууда

Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 841 | 0

2021-жылдын 11-февралына өлкө аймагындагы уй, кой жана жылкы этинин сатык баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

11-февралга алынган маалыматка ылайык, бул айда өткөн январь айына салыштырмалуу уй эти 2,77 сомго, же 0,6%га, кой эти 8,17 сомго же 1,9%га, жылкы эти 2,29 сомго же 0,6%га кымбаттаган.

Уй эти эң кымбат Ош шаарында – 452,48 сомдон, кой эти эң кымбат Кара-Суу шаарында – 470 сомдон, жылкы эти эң кымбат Нарын шаарында — 445,48 сомдон сатылып жатканы аныкталды.

Ошону менен катар уй жана кой эти эң төмөн Манас районунун Покровка айылында 374,37 сомдон, жылкы эти эң төмөн Кара-Суу шаарында 300 сомдон сатылып жатканы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM