Биз менен байланышыңыз

Антимонополия: Өкмөттөн тапшырма берилсе, эттин баасын 1 жумада арзандатабыз

Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 576 | 0

Кыргызстанда эттин баасы кымбаттаганы байкалды. Айрым аймактарда 50 сомго чейин жогорулаганын Монополияга каршы көзөмөл агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, базар экономикасы болгону үчүн бааны эч ким көзөмөлгө ала албайт.

—  Бирок эттин баасынын өсүшү 20 пайыздан өтсө, биз өкмөткө кабар беребиз. Ошондо өкмөттүн буйругу чыгып, бааны көзөмөлдөө бизге жүктөлөт. Бул абалда 1 жуманын ичинде бааны калыбына келтирип коё алабыз, — деди Маматоморов.

Ал эт менен алектенген ишкерлерге кайрылып, реалдуу баа менен сатууга чакырды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эттин баасы кымбаттаганы айтылган. Монополияга каршы көзөмөл агенттиги буга кошуна өлкөлөргө бодо малдын массалык экспорттолуп жатканы себеп экенин белгилеген.

Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын маалыматына ылайык, быйыл кошуна өлкөлөргө 5 262 баш бодо мал экспорттолгон. Бул өткөн жылкы көрсөткүчтөн 35,7 эсеге көп.

Copyright © 2017 Maral FM