Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: Кыргызстанда этти кайра иштеткен 2 комбинат ачабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Янв 2020 | 2032 | 0

Кыргызстанда этти кайра иштеткен логистикалык борборлор ачылат. Учурда мунун үстүндө иш жүрүп жатканын меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков “Маралга” берген маегинде билдирди. Ал Кыргызстанда эт көп болгону менен кайра иштетүү жагы алсыз экенин белгилеп, өлкө боюнча 2 жерге эт комбинаты курула турганын айтты.

-Сүт тармагын Орусия менен Казакстандын ишкерлери ээлеп коюптур. Эт тармагында биз чоң өндүрүштүк деңгээлге чыга элекпиз. Ошого бул тармакты колго алып, этти кайра иштетүүнү пландап жатабыз. Ал комбинаттар үчүн чоң сырьё керек, эт багытындагы мал керек. Бирок бизде андай мал жок экен. Бизде селекция деген маселе артта калыптыр. Карап көрсөңөр, биздин малдар же сүт багытында эмес, же эт багытында эмес. Орто жолдо калып, жапайыдай болуп калган. Ошол үчүн биз атайын концепция түзүп чыктык. Алгач Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облусундагыларды Балыкчыда ачыла турган эт комбинатына чогултабыз. Чүйдө ангус деген эт багытындагы уйдун породасы бар. Ысык-Көлдө 1200 фермер ошондой түрдөгү уйларды бага баштаптыр. Ушул тармакты тандап, эми ички рынокту өзүбүз камсыздаганга аракет жасайбыз.

Андан ашканын Кытайга жана Орусияга экспорттоо пландалганын кошумчалады. Учурда Кыргызстандын эттери Катар, Бириккен Араб эмираттары жана Иранга учак аркылуу ташыларын, ал эми Кыргызстанга Кытайдан, Орусиядан эттер ташылып келип жатканын белгиледи.

Курула турган комбинаттар тууралуу концепция Өкмөткө, президентке да жөнөтүлгөн. Балыкчыдагы комбинат ушул жылдын июнь айында ишке кирери пландалууда. Андан кийин өлкөнүн түштүк аймагында да 1 комбинат ачылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM