Биз менен байланышыңыз

«Дордой» ассоциациясы 100 миң даана беткап сатып алуу үчүн акча бөлөт

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 1034 | 0
Сүрөт: Айпери Жумабай кызы

«Дордой» ассоциациясы коронавирустун жайылуусун алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн «Дордой» ассоциациясынын штабын түздү. Бул тууралуу аталган ассоциация «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган штаб коомдун аялуу катмары болгон карыяларга жана балдарга кам көрүү максатында Республикалык штабка 100 миң даана беткап сатып алуу үчүн акча бөлөт.

Ошондой эле, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине 3 миң даана беткап сатып алуу үчүн аталган ишканага акча которот.

Мындан сырткары, «Дордой» ассоциациясы дүрбөлөңгө алдырбай, коронавирустун алдын алуу боюнча эрежелерди сактанууга чакырат.

Аталган ассоциация бир убактарда Кыргызстанда беткап жетишсиздигине байланыштуу Кытай элине беткап жибере албай калганын жана «Кытай-Кыргызстан» коомуна акча каражатын которгондугун да белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM