Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев шаардагы базарларга жана гипермаркеттерге барды

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 808 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардагы базарларга барып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев сатыктагы товарлардын ассортиментин көрүп, сатуучулар жана кардарлар менен баарлашып, бүгүнкү күндө өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

— Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө  чакырам. Түзүлгөн абалдан чыгууга жана өз жарандарын зарыл болгон бардык товарлар менен, анын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылууга мамлекеттин чамасы жетет, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мамлекеттик органдар базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын, кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Өкмөт башчы Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматына, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине соода түйүндөрүндө ишти күчөтүүнү жана мыйзам бузгандарга катуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM