Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Солтон-Сарыдагы мал уулуу чөптөрдөн ууланган болушу мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июл 2019 | 1086 | 0

Солтон-Сары жайлоосундагы малдардын өлүмү боюнча туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ветеринардык жата фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Азыркы учурда ветеринардык, лаборатордук кызматкерлер ошол жакта жүрүшөт.

— 2-3 күндүн ичинде текшерүүнүн жыйынтыгы чыгат. Азыр уулуу чөптөр бышкан учур болуп турат. Анын себебинен да кырылган болушу мүмкүн. Текшерүүнүн жыйынтыгын күтө туралы.

Буга чейин ал аймакта малдын массалык өлүмү болбогонун да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM