Биз менен байланышыңыз

Жумаканов: Солтон-Сарыдагы малдардын өлүмүнүн кен казуу ишине байланышы жок

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июл 2019 | 616 | 0

Солтон-Сары жайлоосунда 10 күндүн ичинде 24 козу өлдү. Учурда аймактык жана райондук ветеринарлар окуя болгон жерде текшерип жатышат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

-Алгачкы 2 козуну текшергенде ашказанынан нитрат, мышяк заттары табылган. Бирок ал заттар малды өлтүрө турган өлчөмдө эмес болгон. Ал үчүн бир килограмм этинде 100 миллиграмм табылышы керек эле. Малдын кырылышы ал жактагы кенде жүрүп жаткан иштерге байланыштуу эмес. Учурда лабораториялык текшерүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин ал аймакта малдын массалык өлүмү болбогонун да кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM