Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сарыдагы малдын өлүмү боюнча Экотехинспекциянын билдирүүсү

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 762 | 0

Мыйзамга ылайык, Экономика министрлиги атайын уруксат бермейин биз, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлери Солтон-Сарыдагы мал-жандыктын өлүмү боюнча текшерүү жүргүзө албайбыз, байкоо гана салабыз. Мындай пикирин аталган инспекциянын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын орун басары  Жаныбек Турдукеев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жуманын соңунда Экотехинспекциянын кызматкерлери Солтон-Сарыга барып, эл менен жолугушуп, абалга байкоо салып келишкен.

«Биз мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо агенттигинен Солтон-Сарынын суулары, топурагы боюнча лабораториялык анализдердин жыйынтыгын сурап жатабыз. Негизинен кен иштеткен аймактын экологиясына мониторингди ошол кызмат жүргүзөт,» — деди Турдукеев.

Ошондой эле, Экотехинспекциянын кызматкерлери комиссия менен бирге байкоо жүргүзүп, өз милдеттерине ылайык иштерди аткара тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, учурда Солтон-Сарыдагы мал-жандык белгисиз оорудан улам көп өлүмгө учурап жатат. Жергиликтүү малчылар муну жайлоодогу алтын кенин казып жаткан кытайлык инвесторлордун нитроглицерин заты менен жерди жардыруусунан улам ууланып жатат деген пикирде.

Copyright © 2017 Maral FM