Биз менен байланышыңыз

Нарында ИВЛ аппараты жана кычкылтек концентратору жетишсиз болууда

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 840 | 0

Нарын облусунда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарынын жана кычкылтек концентраторунун жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, облус боюнча жалпы 153 кычкылтек концентратору бар, анын ичинен 19у демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынган.

Бизге дагы кошумча 300 даана мобилдик кычкылтек концентратору керек. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат бар, дагы 17 аппарат керек. Аталган көйгөй боюнча Республикалык штабга айтканбыз, жума күнү өлкөгө келчү медициналык жабдуулардан бөлүнүп берилет деп күтүүдөбүз, — деп билдирди ал.

Учурда Нарын облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 829 койка-орундук бар.

Copyright © 2017 Maral FM