Биз менен байланышыңыз

«Экономика министрлиги мунай маселесинде эч кайсы тарапты калкалабайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2021 | 540 | 0

Экономика министрлиги мунай маселесинде эч кайсы тарапты калкалабайт. Мекеменин максаты: мунай өндүргөн бардык тараптарды колдоо. Бул тууралуу министрликтин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакытбек Шабданов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мунай өндүргөн он завод бар. Аларда 1600 адам эмгектенип, үй-бүлөсүн багууда.

«Ошолорго эле карап жатабыз. Жаңы фабрика же завод салууга канча каражат кетерин билесиңер. Анын ордуна иштеп жаткан заводдорду колдоп калуу керек. Эгерде Орусия менен Казакстанда мунай тартыш болсо, экспортко чек коюлушу мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү заводорду колдосок, Кыргызстан керектөөчү мунайдын 70-80 %ын өзүбүздөн өндүрөбүз», — дейт Шабданов.

Ал белгилегендей, талапка ылайык, Кыргызстанга К-4 жана К-5 үлгүсүндөгү мунай импорттолушу керек. Бирок өткөн жылы мунай өндүрүүчү заводдор модернизацияга жетишпей калды. Аларга мүмкүнчүлүк түзүү максатында Экономика министрлиги ЕАЭБдин комиссиясына жоболорду аткаруу мөөнөтүн 2 жылга узартуу сунушу менен кайрылган. Учурда маселе каралып жатат.

«Эгерде мөөнөт узартылбаса, заводдор К-4 жана К-5 күйүүчү майларын чыгарса болот, бирок үчүнчү өлкөлөргө гана сата алат. Башкача айтканда, Кыргызстандын ичине жана ЕАЭБге сатууга тыюу салынат. Мунайдын баасына таасир этпейт, наркка башка факторлор таасир этет», — дейт Шабданов.

 

Copyright © 2017 Maral FM