Биз менен байланышыңыз

«Былтыр өлкөгө 1 млн 117 миң тонна мунай импорттолду»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2021 | 711 | 0

Мунай өндүрүүчү он заводдун жалпы өндүрүш кубаттуулугу жылына 2 млн тоннага жетет. Бирок бардык завод иштебей жатат. Бул тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жылына 1.5 млн тонна мунай керектейт. Былтыр өлкөгө 1 млн 117 миң тонна мунай ташылып келди.

Үч жыл мурда жергиликтүү заводдор 300-350 миң тонна мунай өндүрүп, калганы Орусиядан импорттолчу. Учурда заводдор 250 миң тонна чыгарып жатат.

Тыюуларга карабай Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети начар сапаттагы күйүүчү майларды киргизүүгө уруксат берди.

Ал эми Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакытбек Шабданов мыйзамсыз кирген күйүүчү майларды Финпол карап, иликтеши керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM