Биз менен байланышыңыз

Финпол Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өтөт

Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 518 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Өмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомго кол койду.

Ага ылайык, Финпол Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өтөт.

Белгилей кетсек, 3-февралда кызматка киришкен министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды. Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлуп, бир катар министрликтер менен ведомстволор бириктириле турган болгон.

Copyright © 2017 Maral FM