Биз менен байланышыңыз

Матраимовдордун парламенттик шайлоого катышуусуна жол ачылдыбы?

Саясат | 25 Июл 2019 | 1083 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүттү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат бөлүмү билдирди. Алардын берген маалыматына таянсак, мекеме Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык компаниялардан 24 млн 275 миң сом салык өндүргөн. Ошондой эле, башка чыгымдарды да кайтаруу аракети көрүлүп жатат. Ал эми серепчилер Финполдун бул аракетин элдин ишениминен чыгып калбоо үчүн жасалган кадам катары баалашууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык компаниялардан 24 млн 275 миң сом салык өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы Анастасия Пискур билдирди.

— Жыйынтык боюнча маалымат берсек, бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык компаниялардан 24 млн 275 миң сом салык өндүрүлдү. Ошондой эле, Матраимовдор ээлик кылган «Д.Т», «ТКА», «Т.Т» Ачык акционердик коомдору текшерилип, бул үч ишканадан 18 млн 33 миң 267 сом салык өндүрүлдү. Ал эми Райымбек Матраимовдун жубайы кызматташкан чет өлкөлүк «Е.Е.S.» компаниясы текшерилип, натыйжада 6 млн 241 миң 728 сом каражат бирдиктүү депозиттик эсепке түштү. Биздин мекеме учурда мындан башка да чыгымдарды кайтаруу аракетин көрүп жатат. Мындан сырткары, Матраимовдун жубайынын Ысык-Көлдө коттежи, «Лексус GX 460» үлгүсүндөгү автоунаасы, Бишкекте жана Ошто батирлери бар экени аныкталды.

Жогоруда айтылган иш боюнча берген сурообузга «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов: «Матраимовдордун байлыгын иликтөөдө байлык-мүлктөр тууралуу туура эмес маалымат аныкталып чыгып калса, мамлекеттик салык кызматына болгон элдин ишеними жоголот», — деген пикирин билдирди.

— Бул ишти баштан аяк салык кызматы иликтеди. Бардыгын өз көздөрү менен көрүп, канчадан бери иш алып барып келүүдө. Салыктар туура эле өндүрүлдүбү? Байлыктар туурасында маалыматтар жетиштүү маалымдалганын же маалымдалбаганын алардан сураш керек. Эгерде жашырылган болсо, алар салык төлөмдөрүндө да жооптуу болот.

Матримовдор өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. Мындан улам, «Мынча байлыкка мыйзамдуу түрдө жеттиби, же мыйзамсыз жол менен байыдыбы? Ошондой эле, эмне үчүн Матраимовдордун үй-бүлөсү жана жакындары убагында салык төлөгөн эмес? » — деген суроого жооп издеш керек. Мындай оюн Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова билдирип, Финансы полициясы тараткан маалыматта айтылган сумманы гана төлөп, кутулуп кетүүгө мыйзам жол бербесин айтат.

— Эмнеге ушул убакытка чейин аталган сумма мамлекеттик салык кызматына төлөнгөн эмес? Убагында төлөнбөгөн үчүн атайын мыйзамдын чегинде айып пул салып, өндүрүп алууга болот. Мындан сырткары, буга чейин да көрсөтүлүп жаткан байлыктар иликтениши керек. Алар мыйзамдуу жол менен келдиби, же мыйзамсыз келдиби? Бул маселелер кылдат каралышы керек.

«Райымбек Матримовго иш козголушуна — түздөн-түз Алмазбек Атамбаев күнөөлүү. Андан көрө, Атамбаевдин байлыгын текшерип, «Салык төлөнүп жатабы же жокпу?» — деген суроонун үстүндө иштөө керек», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев.

— Матраимовдун мүлктөрү тууралуу ызы-чуу чыгарган — Атамбаев. Андан көрө, Атамбаевдин байлыктары иликтенип, коомчулукка жарыяланышы керек. «Салыктар төлөнүп жатыптырбы?» — деген да маселе көтөрүлүп, дыкат текшерилиш и керек. Бир нерсени айтып коеюн, салыкты баарыбыз: мен да, Атамбаев да, Матраимов да төлөшүбүз керек. Эч ким качпашы керек.

Раим Матраимовдор келе жаткан парламенттик шайлоого даярдыкты азыртадан көрүп жатат. Эгерде финансы полициясынын иликтөөсү жабылып, же унутулуп калса, саясат жолунда Матраимовдор үчүн чоң көйгөй жаралып, эртели-кеч иштин бети ачылмак. Мындай пикирди саясат талдоочу Табылды Акеров билдирип, «Матримовдордун ишин финансы полициясы иликтеп, элге болгон ишенимин кайрадан жандандырып алганга үлгүрдү», — дейт.

— Бул жыйынтыктын артында чоң саясат жатат. Маселен, мындай салыкты чоң сумма менен төлөө Кыргызстандын тарыхында сейрек кездешкен. Анын үстүнө, коомчулукта «Матраимовдор келерки парламенттик шайлоодо катышат» деген маалымат тарап жатпайбы. Эгерде өтүп калгандан кийин иш козголсо, булар сындай албайт болчу. Ошондуктан, элге билинип калган артындагы иштерди тазалап, таза жол менен барууну пландап жатышат. Ал эми экинчи маселе, финансы полициясы: «Биз иштеп жатабыз, жадагалса Матраимовдордун ишин да иликтеп, салык салдык», — дегенди көрсөткүлөрү келди. Анткени, буга чейин «аталган мекемеде Матраимовдорун тууганы иштейт экен» деген маалымат тараган да. Бул ошого далил болуп берди.

Copyright © 2017 Maral FM