Биз менен байланышыңыз

Финпол аттестаттардагы каталарды териштирүүнү баштады

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 686 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы мектеп окуучуларына берилген аттестаттардагы каталар боюнча сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштады. Бул тууралуу финансы полициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин «коммерциялык жана башка уюмдарда кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2019-жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген 95 миң аттестат катасы менен басылганы аныкталган.

Анда «жөнүндөгү» деген сөздөн ката кетип, «Н» тамгасынын ордуна «Ң» тамгасы басылып калган.

Мындан сырткары, ушуга окшогон ката Нарын облусунун Туз айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген документтерде да орун алган. Анда мектептин атын жазууда «РЕДНЮЮ» сөзү кайталанып калган.

Бул фактылардан улам, сотко чейинки өндүрүштүн бардык шарттарын обьективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында учурда тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын финполдун маалымат кызматы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM