Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунан 5 миллион доллар чыгарылып кеткен факты аныкталды

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 971 | 0

«Манас» Эл аралык аэропортунан оффшордук компаниялар аркылуу 5 млн доллар чыгарылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Тергөөдө Аэропорттун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, жеке тараптар менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерге барышканы аныкталды.

2014-жылы түзүлгөн бул келишимде ошол кезде банкрот абалына келген жана таптакыр киреше алып келүүгө кудурети жок «Манас» аэропортунун аймагында жайгашкан «Жылытуу борбору» ишканасынын 100 % акциясы 5 млн долларга сатылып алынган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөнүнү жүрүшүндө аныкталган фактыларга ылайык,  2014-жылы «Манас» аэропортуна Кипр өлкөсүнүн Е.К. аттуу жаранына таандык «Ф.С.Л.» компаниясынан коммерциялык сунуш түшөт. Анда 7 млн долларга бааланган «Жылытуу борбору» ишканасынын 100 % акциясын сатып алуу суралган.

Бул сунушту кароо аэропорттун юридика бөлүмүнүн башчысы Б.М. жана финансы-экномикалык дирекциянын башчысы А.Ж.га тапшырылат. «Жылытуу борбору» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген бул кызматкерлер кылмыштуу сүйлөшүүгө кирип, жасалма кызматтык маалымкат түзүп, анда ишкана кирешелүү, эч кандай карызы жок деп көрсөтүшөт. Ошол кезде мекеме банкротко кептелип, карызы активден ашып турган.

2014-жылдын 25-декабрында кыска убакыттын ичинде жогоруда айтылган маалымкаттын негизинде ишкананын директорлор кеңеши тарабынан «Жылытуу борбору» ишканасын сатып алууга макулдук берилет. Эртеси, 26-декабрда башкармалык тарабынан чыгашалуу ишкананын 100 % акциясын 5 млн долларга сатып алуу чечими чыгарылат.

Ошол эле күнү И.А. башында турган «Манас» аэропортунун башкармалыгынын башчысы менен Е.К. жаранына таандык «Ф.С.Л.» компаниясынын ортосунда келишим түзүлөт. Эки күн өтпөй «Манас» Эл аралык аэропортунун эсебинен эки оффшордук компаниянын эсебине каражат которулат. Ишкана сатылып жаткан маалдагы акциясы болгону 100 миң сомду түзгөн.

Муну менен катар тергөө чыгарылып кеткен 5 млн доллардын чыныгы ээси Б.А.Т. аттуу айым экенин аныктаган. Кечээ 30-сентябрда убактылуу мүлктү өзгөчө ири көлөмдө сарптоого шектелип «Манас» Эл аралык аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Б.М. кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM