Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков Финпол менен кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 506 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын малыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана массалык жок кылуу курал-жарактарын жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалымат алмашуу зарыл.

Мындан тышкары өз ара маалымат алмашуу «Санариптик Кыргызстан-2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткарууга багытталган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен зарыл маалыматтарды Финансылык чалгын мамлекеттик кызматына берүүнү шарттаган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин атайын модулун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM