Биз менен байланышыңыз

«Финпол өзүнчө орган болсо, ишкерлерге жакшы болмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2021 | 754 | 0

Өкмөттүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөр бизнес коомчулугун да тынчсыздандырууда. Бул тууралуу бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экономикалык кылмыштарды бир эле орган тергеши керек.

Мыйзамдарга ылайык, мындай маселелерди Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) карашы керек. Бирок кээ бир учурларда башка органдар да карап жатат. Анткени Салык жана Жазык-процесстик кодекстеринин ортосунда карама-каршылыктар бар.

«Айрым укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул жагдайды пайдаланып, бизнести ашыкча текшерип жатат. Учурда Финансы полициясын ИИМдин же УКМКнын алдына бириктирери айтылып жатат. Бирок Финпол өзүнчө орган болсо жакшы болмок», — дейт Мусуралиев.

Copyright © 2017 Maral FM