Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандагы мунай заводдор өлкө керектөөчү көлөмдүн 22 %ын гана өндүрүүдө»

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 881 | 0

Учурда биздин мунай заводдор өлкө керектөөчү көлөмдүн 22 пайызын гана өндүрүүдө. Бул тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө мунай өндүрүүчү 10 завод бар. Алардын жалпы өндүрүш кубаттуулугу жылына 2 млн тоннага жетет. Бирок бардык завод иштебей жаткандыктан, учурда 250 миң тонна мунай өндүрүлүүдө.

Кыргызстан жылына 1.5 млн тонна мунай керектейт. Былтыр өлкөгө 1 млн 117 миң тонна мунай ташылып келди. Үч жыл мурда жергиликтүү заводдор 300-350 миң тонна мунай өндүрүп, калганы Орусиядан импорттолчу.

Тыюуларга карабай Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети начар сапаттагы күйүүчү майларды киргизүүгө уруксат берди.

Ал эми Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакытбек Шабданов мыйзамсыз кирген күйүүчү майларды Финпол карап, иликтеши керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM