Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Мамлекеттик жана жеке ресурстардын биригүүсү экономикалык өнүгүүгө болгон кадам

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 501 | 0

Мамлекеттик жана жеке ресурстардын биригүүсү экономикалык өнүгүүгө карай жасалган туура кадам болуп саналат. Мындай пикирин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?» аталышындагы тегерек столдо билдирди.

Социалдык объектилердин жана административдик мекемелердин инфраструктурасы начар. Мындай объектилерди кармап турууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат жетишсиз. Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттик активдерди сарамжалдуу пайдалануу максатын койдук, — деди Аскаров.

Замирбек Аскаров билдиргендей, Экономика министрлигине караштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору түзүлдү.

Кошумчалай кетсек, учурда үч мекеме мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасынын негизинде иштеп жатат. Гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында иштей баштады, «Кызыл Кыргызстан» кинотеатры кайрадан салынды, Бишкек шаарында коомдук транспорттордун электрондук билети боюнча долбоор ишке кирди.

Мындан тышкары, жалпы суммасы 500 млн доллар болгон 21 долбоор ар кандай баскычтарда иштелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM