Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Нарын облусунун жетекчилигине сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 1572 | 1

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго, анын биринчи орун басары Касен Асизовго сөгүш жарыяланды. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ишти жетишсиз деңгээлде жүргүзгөндүгү үчүн Республикалык ыкчам штабдын сунушу менен тийиштүү чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алды.

Ошондой эле Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык блокту тескеген орун басарынын кызмат ордуна ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушталды.

Мындан тышкары Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановдун, анын орун басары Анара Калманбетованын, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаровдордун ээлеген кызмат ордуларына ылайык келүү маселесин карап чыгуу сунушун берди.

Нарын облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча статистика дурус эмес, жалпысынан 297 учур аныкталса, анын ичинде 17си жаңы катталды. Эгерде облустун жетекчилиги тийиштүү бүтүмдөрдү чыгарбаса жана абалды жакшыртпаса, анда тиешелүү чечим кабыл алынат. Эпидемиологиялык абалды оңдоо үчүн облустун бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Облустук төрөт үйүндө кырдаалды жакшырткан жоксуңар. Жаңы көз жарган аялдар ооруканадан чыгып кетүүгө аракет кылган учурларга жол берилди, — деди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймакта коронавирустун жайылышынын алдын алууда кемчиликтер кеткенин, айрым, анын ичинде кадрдык жана башкаруучулук маселелерди чечүүдөгү иштин жетишсиздигин мойнуна алды.

1 пикир

1 пикир

  1. Кутманбилиш

    27.05.2020 22:20

    Ушундай оор акыбалда эл кыйналып айла амалын таппай турган кезде, эмне кереги бар премьер министр отпускага чыгып, эл менен тыгыз иштеп жетишпегенин алып берип,элди ойлосо ушинтип чыгат беле, баари бир экенда,давно кетиши керек эле, эмнеге буга жабышып кетирбей жатат президент эч тушуно албайм

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM