Биз менен байланышыңыз

Эхинококкоз оорусунан кантип сактануу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2022 | 429 | 0

Эхинококкоз оорусунан санитардык эрежелерди кармануу менен гана сактана алабыз. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиолгиялык көзөмөлдөө борборунун паразитология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жыпара Ашакеева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Дарыгер колду бат-бат самындап жууп, жашылча-жемишти сөзсүз түрдө таза жууп жеш керектигин айтып, оорудан сактануунун бир нече жолдорун атады.

«Кыргызстан — малдуу өлкө. Көп учурларда адамдар бул ооруну өздөрү жайылтып алууга түрткү болушат. Ылаңдаган малдын ич этин итке берип коюшат. Ошондон эхинококкоз итке жугуп, андан адамга жугат. Мындан сырткары көбүнчө жаңы конуштарда же айыл жергесинде түнү дааратканага кирбей, короонун сыртына отурат. Мындай учурда да оору жугузуп алуу коркунучу бар», — деди дарыгер.

Ашакееванын айтымында, ар бир жаран жарым жыл сайын медициналык кароодон өтүп турушу зарыл. УЗИден өтүп, кандын анализин тапшыруу керек. Эгерде эхинококкоз аныкталса, дарыгер аны «киста» деп айтып, мындан аркы текшерүүгө жөнөтөт. Муну менен катар башка инструменталдык текшерүүлөрдүн негизинде аныкталат. Ал бир гана операция жолу менен дарыланат. Операциядан кийин эхинококк аныкталган органды гистологиялык анализге жиберилет.

Дарыланган жаран эгерде жеңилирээк түрү болсо 3 жыл, оор түрү болсо 5 жыл бою тиешелүү медициналык борбордун каттоосуна алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM