Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Эхинококкоз көбүнчө ит-мышыктан жугат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2022 | 686 | 0

Акыркы жылдары эхинококкоз дартына чалдыккандар көбөйүүдө. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жыпара Ашакеева «Маралга» берген маегинде эхинококкозго чалдыгуунун негизги себептерин санап берди.

Эхинококкоз – бул паразитардык коркунучтуу оору. Ал хирургиялык ыкма менен гана дарыланат.

Эхинококкоз жаныбарлардан гана жугат. Көп учурда бул оору ит жана мышыктан жугушу ыктымал. Ооруганда адамдын бардык органдары жана системалары жабыркайт. Эхинококкоз дароо эле аныкталбайт. Бул көп убакытка чейин адамдын органында өөрчүп, билинбей жүрө берет. Бир нече жылдан кийин бейтаптын органы чоңоюп кетет да, алсыздык пайда болуп, ар кандай белгилер менен байкала баштайт.

Статистикалык маалыматтарга караганда, былтыр Кыргызстанда 364 адам бул ооруга чалдыккан. Анын ичинен 80ге жакыны 18 жашка чейинки балдар болгон. Бул көрсөткүч — 2020-жылга салыштырмалуу көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM