Биз менен байланышыңыз

БАЭде коронавирусту аныктоо үчүн иттер колдонулууда

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 661 | 0

БАЭнин Ички иштер министрлиги кургак учук жана безгек сыяктуу коркунучтуу ооруларды аныктоодо иттерди колдонууга уруксат берди.

Полиция иттерин коронавируска чалдыккандарды аныктоо үчүн колдоно баштады. Бул тууралуу министрликтин Твиттердеги социалдык тармагында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

«Министрлик полиция иттерин коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында окутууну ийгиликтүү аяктады», — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус жуктурган үлгүлөрдү аныктоо үчүн иттер эки жума бою окутулуп, илдет илештиргендерди 92 пайызга чейин анык табууну үйрөнүшкөн. Алар эл көп жүргөн жерлерде ооруну алып жүрүүчүнү аныктоо үчүн колдонулат.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, БАЭде 53 миңашуун коронавирус инфекциясы катталып, 327 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM