Биз менен байланышыңыз

Кытайдан эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 2246 | 0

Социалдык тармактарда “Государственная санитарная инспекция Кыргызской Республики” деп таратылып жаткан кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция билдирди.

Кытайдын “Хенань” провинциясынан Кыргызстанга 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келинген.

Ветеринардык талаптардын негизинде, алынып келинген эттерди текшерүү үчүн үлгү алынып Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, коопсуздугу аныкталгандан кийин сатууга уруксат берилген.

“Хенань” провинциясы оору катталган “Хубэй” провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Азыркы күндө Кытайдан Кыргызстанга эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди (маалыматтар такталганча).

Социалдык тармакта туура эмес кабарларды ким таратып жаткандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекттик инспекциясы тарабынан Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине кат жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM