Биз менен байланышыңыз

Депутат: «Абылгазиев министрлерди алмаштырууда коалиция менен да макулдашпай калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 626 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы учурда министрлерди алмаштырууда коалиция менен да макулдашпай калганын билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамга ылайык, өкмөт өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясы менен алектенүүгө милдеттүү эмес. Аткаруу бийлиги өзүнүн парламент бекитип берген программасынын негизинде иш алып барышы керек.

Бирок акыркы убакта өкмөт башчылар Улуттук стратегияны аткарууга басым жасап келишет.

«Өкмөт президенттин стратегиясын да аткарбайт, же өзүнүн программасы жок. Өкмөт башчы “мен жаңы структура алып келүүгө жетишпей калдым, ушул министрлерге ишенем” дейт да, кайра ишеним көрсөтпөй, бирден-экиден алмаштыра берет», — дейт Бокоев.

Copyright © 2017 Maral FM