Биз менен байланышыңыз

Бокоев: «Абылгазиев Айыл чарба министрлигинин таш-талканын чыгарды»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2019 | 574 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин таш-талканын чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Бокоев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке өкмөттүн жаңы структурасын алып келбестен, жаңы агенттиктерди каалагандай түзүп жатканын сынга алды. Ал Абылгазиев парламентке келгенде, бул маселе сураларын белгиледи.

“Парламент сунуштап, талап кылгандарды кошуп бербестен, тескерисинче,  министрликтин таш-талканын чыгарды. Мындай жол менен барганда Айыл чарба министрлигин жоюп коюшу керек. Бирок айыл чарба тармагына бир адам жооп бере тургандай кылып, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл болчу”, — дейт депутат.

Эл өкүлү Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев жарым жылда олуттуу реформага бара албаганын да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM