Биз менен байланышыңыз

2018-жылдагы инвестициялардын келүү агымы 851,7 млн долларды түздү

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 487 | 0

Такталган маалыматтар боюнча, 2018-жылдагы чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 851,7 млн. долларды түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 38,1 пайызга көбөйдү.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 144,2 млн. долларга ашты.

Чет өлкөлүк инвестициялардын басымдуусу (92 пайыздан көбү) өндүрүш ишканаларына, кендерди казууга, геологиялык чалгындоого, курулушка, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2017-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйдү. Тактап айтканда, Кытай 39,7 %, Канада 11,6 %, Түркия 11,0 %, Нидерландыга 6,7 % жана Швейцария 2,3 % инвестиция салган.

КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 4,6 эсеге көбөйдү. Мунун ичинен Орусиядан келген инвестициялар 26,1 %га  өскөн. Ал эми Казакстандан келген инвестициялар 1,6 эсеге, Өзбекстандан келген инвестициялар 1,5 эсеге төмөндөдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM