Биз менен байланышыңыз

Пара алган милиция кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 433 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнүн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү К. Т. менен А. Ч. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Окуя кечээ, 27-майда болгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кармалган милиция кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул иш ИИМдин ички иликтөө кызматы менен УКМКнын биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде жүзөгө ашкан.

Маалыматка ылайык, алар мурда да 30 миң сом акча каражатын талап кылышкандыгы аныкталган.

21-май күнү Ички иштер министрлигине С. М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, милиция кызматкерлери тарабынан пара талап кылынып жаткандыгын билдирген.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ар дайым өздүк курамда мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоонун үстүндө иштеп, терс көрүнүштөрдү коомчулуктан жашырууну көздөбөй турганын ИИМдин маалымат кызматы эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM