Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Парламентте 90% депутаттын артында калбыры бар

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 455 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде парламент өлкөнүн мотору экени билдирди. Бирок Калмаматов эл өкүлдөрү алсыз болуп жатканын белгилейт.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары президент Сооронбай Жээнбековдун кыйындыгынан эмес, өздөрүнүн алсыздыгынан улам «азуусу жок болуп» калууда. Анын башкы себеби, эл өкүлдөрүнүн бизнеси мыйзам чегинде эмес, салыктан качышат.

Азыр туш келген депутат иликтенсе, бир нече кылмыш иши чыгат.

«Биз аткарыла турган иштерди президенттен талап кылып жатабыз. Бирок бул парламент экс-президент Алмазбек Атамбаедин схемаларына ыңгайлаштырылган. Экинчиден, парламентте 90 % депутаттын артында калбыры бар. Ошондуктан, президентти күнөөлөй албайбыз. Бул жерде эл өкүлдөрүн шайлаган шайлоочулардын да жоопкерчилиги тууралуу айтышыбыз керек», — дейт Калмаматов.

Анын баамында, идея, программалары жыйынтык берген жакшы жаштар көп. Бирок аларда каражат жок. Ал эми коомчулук талапкерлерди акылына эмес, акчасына карап добуш берет.

Эл шайлоо алдында саясатчылар менен жолугууга эмес, ыр угуу үчүн келип калды.

«Биз ырчыларга келген элге карап, аймактардагы шайлоочуларды эсептеп калдык. Көшөгө артында баарын акча менен чечип жатабыз. Парламентке умтулуунун себеби, ЖКда кол тийбестик бар, микрофон бар. Сырттагы бизнесмендердин ишкердиги корголгон эмес. Мындан улам олигархтар парламенттен мандат алууга мажбур. Эгерде бизнести иретке коё алсак, бизнесмендер баш оорутуп парламентке барбайт», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM