Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Абылгазиев «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешине кийлигишип жатыптыр

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 627 | 0

Депутат Бакыт Төрөбаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тууралуу анонимдүү каттар келгенин айтып чыкты. Анда ал «Кыргызмунайгаз» ишканасынын директорлор кеңеши башынан шайлана турган болгонун айтып, буга премьер-министрдин кийлигишкендиги жөнүндө сөз болуп жатканын белгиледи.

— Мен 1-февралда Мүлк фондуна кайрылып, 99 мамлекеттик ишкана, 28 акционердик коомдун алган маянасы, киреше-чыгашасы жана абалы боюнча маалымат сурап кайрылгам. Бүгүнкүгө чейин маалымат жок. Бир эле «КТ Мобайлдан» ушунча чыр чыкты. А башка ишканаларда кандай жагдай?

Кошумчалай кетсек, буга чейин мамлекеттик ишкана болуп түптөлгөн «КТ Мобайлга» премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу жетекчи орун басары болгону ачыкка чыгып, талкуу жараткан. Кийин ал кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM