Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Өкмөттүн аппарат башчысын жана орун басарын кызматтан бошотту

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 676 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн аппарат башчысы Шамил Асымбековду жана анын орун басары Мурат Мукамбетовду кызматынан бошотту. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Асымбековду кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизди. Ошондой эле, Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду да кызматтан бошотту. Мындай чечимге анын «КТ Мобайл» ишканасын түзүүгө жана «Ачык өкмөт» улуттук форумуна байланыштуу акыркы окуялар себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM