Биз менен байланышыңыз

С. Жээнбеков: Президенттик мөөнөтүм бүткөнчө, бүт Кыргызстан таза суу менен камсыз болот

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 635 | 0

«Таза суу жок болсо, кайдагы ден соолук, кайдагы экономика, кайдагы туризм? Таза суу болгон жерде оору азаят, турист каттайт, экономика өсөт. Жаңы ишканалар ачылат, инвесторлор келет. Таза суу маселесине өзгөчө көңүл бурулат». Мындай оюн президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Анын айтымында, учурда 653 калктуу конушта таза суу жок. Ал эми 45 айылга суу жеткизилген. Беш жылда 608 айылды таза суу менен камсыз кылуу керек. Ал үчүн 34 миллиард сом керектелет.

«Бүгүнкү күндө 27 миллиард сомдук каржы булагы аныкталган. Калганына дагы грант алуу боюнча каржылык институттар, көп мамлекеттер, фонддор менен иш алып барып жатабыз», — деди президент.

Ошондой эле, ал президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргызстандын бардык аймагы таза суу менен камсыз боло тургандыгына сөз берди.

Copyright © 2017 Maral FM