Биз менен байланышыңыз

Баткен: Каза болгон прокурордун ордуна Халмурзаев дайындалды

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 979 | 0

Өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен Мырзабек Осмонов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна прокурор болуп дайындалды.

Башпрокурордун дагы бир буйругу менен Калмамат Бекташов Ош облусунун Ноокат районуна прокурор болду.

Өткүрбек Жамшитовдун буга байланышкан буйругу 8-майда чыкканын башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Ал эми Баткен облусунун прокурору болуп Абдибакыт Халмурзаев дайындалып, 11-майда жамаатка тааныштырылганы кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM