Биз менен байланышыңыз

Алма-Ата – Бишкек трассасында жол кырсыгы катталып, 9 киши каза тапты

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 614 | 0

Казакстанда эки унаа сүзүшүп, 9 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-майда, Алматы — Бишкек кан жолунун 109-чакырымында катталган. Анда Lada жана Toyota Camry автоунаалары сүзүшүп, 9 адам каза болгон. Анын үчөө аял экени айтылууда. Ажал тапкандар Алматы, Шымкент жана Түркестан облусунун тургундары экени такталды.

Алдын ала божомолдорго караганда, Ladaнын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкедеги унааны сүзгөн. Учурда текшерүү иштери катуу көзөмөлдө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM