Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея 2024-жылы аскердик роботторду иштеп чыгууга ниеттенүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 671 | 0

Түштүк Корея 2024-жылы жаныбарларга, башкача айтканда жылан, курт-кумурскаларга окшогон аскердик роботторду иштеп чыгууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу РИА новости агентиги Ренхап агентигине таянып жазды.

Долбоор боюнча негизги коргонуу технологияларын өнүктүрүүнү ишке ашыруу каралган. Алар тирүү жандыктарга окшоштурулуп жаратылган роботторду келечектеги куралдуу күчтөрдүн системасына киргизүүнү ниеттенип жатышат.

Пландар ишке ашырылып калса, адамдын образындагы, сойлоп жүрүүчүлөр, курт-кумурскалар жана суу жаныбарларына окшогон роботторду жасоо 2024-жылдан башталмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM