Биз менен байланышыңыз

Былтыр 22 мектеп толугу менен курулуп бүткөн

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 519 | 0

Былтыр Аймактарды өнүктүрүү жылында айыл аймактар менен шаарларда 22 мектеп толугу менен курулуп бүткөн. Бул тууралуу Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги жана этностор аралык мамиле иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 саламаттыкты сактоо имараты жана 1 маданий имарат ишке берилген. Мындан сырткары, 20 окуу корпусу, 26 спорттук зал бүткөрүлүп, 6 бала бакча, 8 спорттук комплекс ишке киргизилген.

Ошондой эле, капиталдык оңдоп-түзөө иштери 27 мектеп, 2 бала бакча, 3 саламаттыкты сактоо имараты жана 4 маданий имаратта жүргүзүлгөн.

Ал эми суу менен камсыздоо тармагында 17 объект бүткөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM