Биз менен байланышыңыз

«Eee Group GmbH» компаниясы менен Социалдык өнүгүү министри кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 421 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана «Eee Group GmbH» компаниясынын директору Стефан Дюсс технологиялар, инновациялар жана санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Кочкоровдун айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда мамлекеттик кызматкерлер менен жөнөкөй жарандардын ортосундагы байланышты болушунча азайтуу керек. Бул коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуу мамлекеттик кызматтарды алууда керектелүүчү документтердин санын азайтат.

«Учурда министрликте социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы иштөөдө, бирок тилекке каршы, бул система бизге коюлган тапшырмаларды толугу менен автоматташтырылган багытта иш алып барууга мүмкүнчүлүк бербейт. Силер бизге жардам көрсөтүүгө кызыкдар болгонуңуздарга ыраазычылык билдиребиз. Министрлик долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна бардык күч-аракетин жумшайт», – дейт министр.

Өз кезегинде Австриянын Орто Азиядагы (Өзбекстандан башка) атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Герхард Сайллер министрликтин иштөө тартибин автоматташтыруу боюнча колдоо көрсөтүлөрүн айтып өттү.

Эки тараптуу кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда:

— ЭСӨМдүн учурдагы башкаруу системасын жаңылоо жана ыңгайлаштыруу;

— ЭСӨМгө окутуу жана билим берүү борборун түзүп берүү;

— Кыргызстандын муктаждыктарына ылайык изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана реформалоо;

— Изилдөө борборлорун түзүү;

— ЭСӨМдүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү;

— Ички байланыш, кызматташтык боюнча чечимдерди иштеп чыгуу;

Copyright © 2017 Maral FM