Биз менен байланышыңыз

Австрия Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 514 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, «Европа Биримдиги-Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров австрия тарапка экономикалык форумга колдоо көрсөткөндүгү жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Австрия Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгилеп, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл буруп, Австрия менен чакан жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Линхарт кыргыз тараптын меймандостугуна жана дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу кырдаалга караабстан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.

Ал Австрия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык маселелер боюнча дагы.

Жолугушуу жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө, ошондой эле туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM