Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Быйыл Бишкекте 8 миңден ашуун көчөт отургузулду

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2019 | 618 | 0

Быйыл борбор калаа боюнча 8 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Марал» радиосунда «Талаш. Талкуу» программасын алып барып жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын ар бир районунда 2 миңге жакын көчөт отургузулду.

«Октябр районунда 1 миң 847 жалбырактуу жана 1 миңден ашуун ийне жалбырактуу бак отургузулду. Ал эми Биринчи Май районунда 2 миңге жакын көчөт тигилсе, Ленин районунда 1 жарым миңден ашуун дарак отургузулду. Мындан сырткары Свердлов районунда да 1 миң 258 көчөт тигилди», — дейт Түлөбаев.

Ал буга кошумча, Чыгыз Айтматов проспекти менен Апсамат Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 10 гектар аянтка парк курулуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн радио күнүнө карата «Марал» радиосунда өлкөбүзгө таанымал адамдар эфир алып барышууда.

Бишкекте 10 гектарлык парк качан ачылары айтылды

Copyright © 2017 Maral FM